БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Херсон жана Запорожье облустарынын көз карандысыздыгын тааныган жарлыкка кол койду. Бул туурасындагы кабар расмий укуктук-маалыматтык интернет-порталына жарыяланды.
"Бириккен Улуттар Уюмунун уставында бекитилген, элдин өзүн-өзү аныктоосу жана тең укуктуулук принциптерин ырастоо жана таануу менен эл аралык укуктук нормаларга ылайык, 2022-жылдын 27-сентябрындагы референдумда Херсон облусунун элинин жасаган тандоосун эске алып токтом кылам: Херсон облусунун эгемендүүлүгү жана көз карандысыздыгы таанылсын", — деп жазылат документте.
Ушул сыяктуу эле жарлык Запорожье облусу боюнча дагы чыккан.
Белгилей кетсек, бүгүн Кремлдин Чоң сарайында саат 15:00дө Россиянын курамына жаңы аймактардын — ДЭР, ЛЭР, Херсон жана Запорожье облустарынын кириши боюнча келишимге кол коюу салтанаты болот. Иш-чарага Путин жана парламентарийлер катышат.