Кийинки жылы аз камсыз болгон 10 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилет

Социалдык долбоор быйыл башталып 2 800 үй-бүлөгө көмөк көрсөтүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. 2023-жылы аз камсыз болгон 10 миң үй-бүлөгө бизнес ачуу үчүн 100 миң сомдон берүү пландалууда. Бул туурасында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, "Социалдык келишим" долбоору үстүбүздөгү жылдын башында иштелип чыгып, бюджеттен 300 миллион сом каралган. Бүгүнкү күндө долбоордун алкагында 2 800 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилген. Каражат мурда үй-бүлөгө көмөк жөлөк пулун алып жүргөн жарандарга чегерилет. Максаты — алардын чакан бизнес ачышына көмөктөшүп, жакырчылыктан чыгаруу.
Министрдин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев долбоордун катышуучулары ийгилик жарата баштаганын белгилеген.
Радио
Өмүрбекова: "Работа без границ" платформасында 500 миңдей вакансия бар