"Түндүк агымдагы" авариядан улам Европадагы абал кышында оорлошору болжолдонду

Дүйшөмбү күнү Nord Stream 2 AG оператору "Түндүк агым — 2" түтүгүнүн бир бөлүгүндө кырсык болгонун айтып, басым дароо түшүп кеткени кабарланган.
Sputnik
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. "Түндүк агымдагы" кырсык европалыктарды кышында бир топ кыйнаса да экологиялык катастрофаны жаратпайт. Бул тууралуу Россиянын Улуттук энергетикалык коопсуздук фондунун жетектөөчү аналитиги Игорь Юшковдун айтканын РИА Новости жазды.
Серепчинин айтымында, климатологдор дүрбөлөңгө түшүп жатканы менен абал экологияга таасир этпейт.
"Газ абадан да жеңил, ошондуктан ал атмосферага аралашып кетет, мындан айлана-чөйрөгө эч кандай зыян болбойт. Андан тышкары, көгүлтүр оттун сыртка чыгып кеткен көлөмү климатка таасир берүүгө жетишсиз", — деген ал.
Юшков газ түтүктөрүнүн айланасындагы азыркы кырдаал европалыктарды сырьё келбей калса, суук катуу боло турган болсо же экономикалык каатчылык курчуса абалдан чыгуунун башка жолдорунан куру жалак калтырарын белгилеген.
"Түндүк агым" түтүгүндөгү аварияга АКШнын тиешеси бар экени айтылууда