Жамгыр жаайбы? Дем алышка карата аба ырайы

Апта аягында тоо этектерине кар түшүшү ыктымал.
Sputnik
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Кыргызгидромет дем алыш күндөрү аба ырайы кандай болорун алдын ала маалыматтарга таянып кабарлады.
Ага ылайык, апта аягында өлкөнүн көпчүлүк аймактарында, анын ичинде Бишкек шаарында да жамгыр жаашы күтүлүүдө. Ордо калаада абанын температурасы 16..18 градусту көрсөтөт.

Чүй, Талас облустары

1-2-октябрда Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы, айрым жерлерде жаан катуу жаашы мүмкүн. Абанын температурасы 13...18 градус жылуу болору айтылды. Ал эми Таласта 1-октябрда жамгыр жааса, 2-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы 13...15 градуска чейин төмөндөйт.

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустары

Өлкөнүн түштүк аймактарында да дем алыш жаанчыл болору айтылды. Айрым жерлерге жамгыр катуу жааса, тоолуу аймактарга кар түшүүсү ыктымал. Абанын температурасы үч облуста тең күндүз 17...22 градусту көрсөтөт.

Ысык-Көл, Нарын облустары

1-октябрда күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. 2-октябрда түнкүсүн жамгыр жааса, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 10...15 градуска чейин төмөндөйт. Ал эми Нарында эки күн катары менен жамгыр жаап, абанын температурасы 10..15 градусту көрсөтөт.
Суук эрте түшөбү? Октябрь айына карата Кыргызстандагы аба ырайы