БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Америка Афганистанда калып кеткен 100дөн ашуун аскердик учагын Тажикстанга берүүнү көздөп жатат деген маалымат түшүүдө. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков билдирди.
Эл өкүлү тажик тарап мындай техникаларды Кыргызстанга каршы колдонот деп тынчсызданууда.
"Ал самолеттордун баарын Тажикстан коргонуу максатында эмес, Кыргызстанга карата агрессия жасоо үчүн колдонорун билебиз. Андыктан бул маселеге өзгөчө көңүл буруп, дипломатиялык мүнөздөгү алдын алуу иш чараларын көрүү керек. Агрессордун колуна мындай заманбап техникаларды карматууга жол бербөө шарт. Анын ордун башка техникаларды беришсин", — деди Айдарбеков.
Белгилей кетсек, буга чейин америкалык Politico басылмасы АКШ Тажикстан менен Өзбекстанга Афганистанда колдонулган учактарын террорчулук менен күрөшүү үчүн жардам катары бериши ыктымалдыдыгын жазган.