РФ элчиси: АКШ "Россия өзөктүк коркунуч жаратууда" деп дүйнөнү адаштырып жатат

Элчи Россиянын өзөктүк курал колдонуу шартында эч нерсе өзгөрбөгөнүн белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. АКШнын расмий жетекчилиги "Россия өзөктүк коркунуч жаратууда" дей берип өз элинин да, дүйнө коомчулугунун да жүрөк үшүн алып бүттү. Бул тууралуу Россиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов National Interest журналына жарыяланган макаласында жазган.
"Американын расмий жетекчилиги абалды курчутууда. "Россиядан болчу өзөктүк кооптуулук" менен элин да, дүйнөлүк коомчулукту да коркутуп жатат. Мындай риторика Россия жетекчилигинин сөзүн бурмалоодо", — деп жазган элчи.
Эскерте кетсек, РФ лидери элине кайрылып жатып, "Россияны өзөктүк курал менен коркутуп жаткандар" өздөрү андан жапа чегип калары мүмкүн экенин айткан болчу.
Антоновдун баамында, Вашингтон өзөктүк ири державаларды кесепетин болжоп болгус кагылышууга түртүп жатат. Элчи Россиянын өзөктүк курал колдонуу шартында эч нерсе өзгөрбөгөнүн белгиледи. "Өз аймагыбызды коргоого даярдыгыбыз Крымга же Россия курамына кире турган аймактарга тиешелүү эмес деп эсептеген айрым америкалык саясатчылар катуу жаңылышып жатканын кошумчалап кетким келет", — деди Антонов.
Белгилей кетсек, РФ Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары Дмитрий Медведев шейшемби күнү Telegram-каналына эгер Россия Киевге каршы куралдын эң оор түрүн колдоно турган болсо НАТО жаңжалга аралашпай турганын жазган. Анын айтымында, океандын ары жагындагы жана европалык демагогдор өзөктүк апаатта набыт болууну каалашпайт.
ЕБде нан төңкөрүшү болобу? Европадагы каатчылыктан ким пайда көрүүдө