30-сентябрга карата аба ырайы

30-сентябрда республика аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Жума күнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоо этектеринде жаан карга айланышы мүмкүн, тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +17…+22, Талас облусунда +15…+20, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +21…+26, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +17…+22 градусту көрсөтөт.
Күндүн табы Бишкекте +19…+21, Ош шаарында +24…+26 градус болот.
Жамгыр жаайбы? Дем алышка карата аба ырайы