ЖМК тууралуу жаңы мыйзам сунушталууда. Анда эмне жазылган?

Бийлик 1992-жылкы мыйзам эскирди деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Президенттин администрациясы жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) тууралуу жаңы мыйзам долбоорун сунуштады.
Бийлик 1992-жылкы мыйзам эскирди деп эсептейт.
Мыйзам долбоорундагы маанилүү жагдайлар:
Интернетке укуктук жөнгө салуу киргизилет;
Маалымат тараткан ар бир адамга, анын ичинде блогерлерге ЖМК макамы берилет;
ЖМК ээсинин институту түшүгүнү калыптанып, журналистика ишкердик эмес, коомдук милдетти аткаруу болуп эсептелет. Демек, ЖМК кожоюнунун редакциялык саясатка кийлигишүүсү мыйзам чегинде чектелиши керек;
Чет элдик жарандар ЖМКнын негиздөөчүсү боло албайт;
2023-жылдын 1-июнуна чейин ЖМКларды кайра каттоодон өткөрүү сунушталууда, андан өтпөй калгандар жоюлган деп эсептелет.
Долбоор тууралуу толук маалыматты өкмөттүн сайтына жарыяланган документтен окуй аласыз.
Соттуулугу жоюлса да депутат, аткаминер боло албайт. Мыйзам долбоору талкууда