Ысык-Көл облусун Илияз Иманбетов жетектемей болду

Иманбетов 1971-жылы 6-январда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда туулган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Илияз Иманбетов президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон. Буга чейин Иманбетов финансы министринин биринчи орун басары болчу. Аталган кызматтан ал бүгүн эле бошотулуп, эмиЫсык-Көл облусун башкармай болду.
Иманбетов 1971-жылы 6-январда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда туулган.
Буга чейин аталган облусту Алтынбек Сулайманов жетектеп келген. Бирок ал аракети текке кетерине көзү жеткенин айтып, кызматын өз каалоосу менен тапшырып берген.
Садыр Жапаров Кытайдагы элчини алмаштырды