Баш ооруса дароо дары иче калбаңыз. Невролог башка жолун айтты

Адатта жетиштүү көлөмдө суу ичкенден кийин 40-60 мүнөт өткөн соң баш оору басылышы керек.
Sputnik
БИШКЕК, 28-сен.— Sputnik. Баш ооруну суу менен басса болот. Бул тууралуу невролог Павел Хорошевдин айтымына таянып РИА Новости жазды.
Медик белгилегендей, баш оору олуттуу оорудан кабар бериши ыктымал. Ошол себептен так диагноз койдуруу үчүн дарыгерге кайрылган оң.
"Бирок баш көбүнчө организмге суу жакшы жетпей жаткандыктан ооруйт. Баш чыдатпай оорута баштаганда адам бир күн ичинде канча суу ичкенин эстеш керек. Эгер эртең менен бир чөйчөк кофе ичкен болсоңуз, бирок саат 15:30ду көрсөтсө, анда бир-эки кружка суу ичип койгонуңуз оң. Ошондой эле канда кычкылтекти көбөйтүү үчүн терең, бат-баттан дем алган туура", — деген Хорошев.
Неврологдун айтымында, адатта жетиштүү көлөмдө суу ичкенден кийин 40-60 мүнөт өткөн соң баш оору басылышы керек. Ал дары-дармекти медиктердин көрсөтмөсү жок ичпей эле коюуну сунуштаган.
"Биринчиден, дарыларды ой-келди иче берүү ден соолукка зыян. Экинчиден, баш ооруса эле дары колдоно калган адам сууну жетиштүү көлөмдө ичпей, дарыга көнүп алат. Организмди дарыга эмес, сууга көндүрүү кажет", — деген медик.
Невролог сууну жетиштүү көлөмдө ичпесе, ден соолукта башка да көйгөйлөр жарала турганын кошумчалады.
Толук кандуу тамактанууда эмнеге маани бериш керек? Нутрициологдун кеңеши