Меркель Путиндин сөзүн көз жаздымда калтырбоого чакырды

РФ лидери буга чейин элге кайрылып, "Россияны өзөктүк курал менен опузалагандарга" эскертүү берген.
Sputnik
БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Германиянын экс-канцлери Ангела Меркель Россия президенти Владимир Путиндин сөзүнө олуттуу маани берүү зарылдыгын билдирди. Анын айткандарын Süddeutsche Zeitung жарыялаган.
Меркель "Федералдык канцлер Гельмут Колдун фондунун" ачылышына катышканы маалым болду. Өз сөзүндө экс-канцлер азыркы саясий кырдаалга да токтолгон. Меркель буга чейин да россиялык лидердин айткандарын көз жаздымда калтыруу чекилик болорун эскерткенин белгилеп, азыр да ал сөзү актуалдуу экенине токтолду.
"Путиндин билдирүүлөрүнө угар-укмаксан болбой, олуттуу маани берүү керек. Бул алсыздыктын эмес, ыгын таап кырдаалдан чыгууну кепилдеген саясий даанышмандыктын белгиси", — деген Меркель.
Эскерте кетсек, буга чейин РФ лидери Владимир Путин элге кайрылып жатып, Россияны "өзөктүк курал менен коркутуп жаткандар" "андан өздөрү жапа чегип калышы мүмкүн" экенин эскерткен болчу.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батыш чектен чыгып бара жатат... Путиндин кайрылуусу