БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Кыргыз-өзбек чек арасын тактоодо Ош облусунун Өзгөн районунда жайгашкан "Кемпир-Абад" суу сактагычы Өзбекстанга өткөнү айтылып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров билдирди.
"Кечээ облустук телекомпаниядан "Кемпир-Абад" суу сактагычы Өзбекстанга өткөнүн айтты деп жатышат. Эл ызы-чуу болуп жатат. Өткөндө эле айтканда беш айыл өкмөттүн эли менен жолукмайынча ушул маселени токтотуп турсаңар дегенбиз. Президенти да, өкмөтү да макул болгон, анан жең ичинен барып кол койгондугу өлкөдө аябай будуң-чаңды жаратууда. Өлкөдөгү кырдаал туруктуу эмес", — деди Мадумаров.
Белгилей кетсек, 26-сентябрь күнү Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Бишкекке келип, чек ара маселеси тууралуу протоколго кол коюлган.