Үрүмчүдөн Бишкекке кошумча авиакаттам ачылышы күтүлүүдө

Буга чейин Кытайдын шаарына учак бир эле күн каттаса, эми ага дагы бирөө кошулмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Үрүмчүдөн Бишкекке кошумча туруктуу авиакаттамдын ачылышы күтүлүүдө. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, 5-июлдан тарта "Түштүк Кытай аба жолдору" авиакомпаниясы каттамдарды жумасына бир жолу аткара баштаган. Эми 1-октябрдан баштап дагы кошумча туруктуу каттамдын ачылышы пландалууда.
"China Southern Airlines авиакомпаниясы Үрүмчү шаарынан Бишкекке учууларды бейшемби күндөрү аткармакчы", — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Үрүмчүгө учак шейшемби күндөрү уччу. Эми бейшемби күндөрү да Кытайга каттаса болот.
Кыргызстандан Пакистанга аба каттамы ачылды