Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Жарылбай калган снаряддарды көрсөңөр чалгыла. ӨКМ Баткендеги элге кайрылды

Чек ара кызматы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кайрылуусун таратты.
Sputnik
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Баткендеги чек арага жакын жайгашкан аймактардын жашоочуларынан жарылбай калган снаряддарды көргөндөр болсо дароо ӨКМге же милицияга кайрылууну суранышты.
ӨКМдин кайрылуусун Чек ара кызматы таратты.
Баткен жана Лейлек райондорунун жашоочулары белгисиз заттарды же жарылбай калган снаряддарды көрсө 102 (милиция), 112 жана (0770) 80-01-00 (ӨКМ) номерлерине чалууну суранышкан.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Күнөөнү оодарбагыла. ТИМ тажик бийлигинин БУУдагы билдирүүсүнө жооп берди