Улам-улам коркунучтуу түш көрүү олуттуу оорудан кабар берет

Адистер коркунучтуу түштөрдү көп көргөн адамдын акылы, эс тутуму, иштөө жөндөмдүүлүгү төмөндөйт деген жыйынтыкка келишкен.
Sputnik
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Коркунучтуу түштөрдү байма-бай көргөн орто курактагы адамдын когнитивдик жөндөмдүүлүгү төмөндөп, ал тургай акыл-эсинен ажырап калуу коркунучу бар деп жазат The Lancet медициналык журналы.
Анда белгиленгендей, изилдөөчүлөр көптөгөн жылдар бою мээнин саламаттыгы, уйкунун таасири жана башка ушул жааттагы көрсөткүчтөргө байкоо жүргүзүшкөн. Изилдөөгө катышкан адамдардын арасынан 600дөн ашыгы 35 жаштан 64 жашка чейинки курактагылар болсо, 2 600 адам 79 жаштан жогоркулар экенин айтышты.
Алардын уйку боюнча абалын статистикалык программалык камсыздоонун жардамында анализдешкен. Изилдөөлөр орто курактагы адам жумасына бир эле жолу коркунучтуу түш көрсө акыл, эс тутум жана иштөө жөндөмдүүлүгү кийинки он жылдыкта коркунучтуу түш көрбөгөндөргө караганда төрт эсеге көбүрөөк жабыркай тургандыгын көрсөткөн. Жагымсыз түштөрдү көп көргөн улгайган курактагы адамдар өзү курактууларга караганда эки эсеге көп жабыркай турганы белгилүү болгон.
Аталган изилдөөнү жасаган адистер мээнин оң тарабынын алдыңкы бөлүгүндөгү нейродегенерация адам уктап жатканда эмоцияларды башкаруу жөндөмүн төмөндөтөрүн айтышкан. А бул коркунучтуу түштөрдүн кирүүсүн шарттаары белгилүү болду.
“Нейродегенеративдик абал Паркинсон жана Альцгеймер сыяктуу эле оору аныкталгандан бир топ жыл мурда башталат. Ал эми коркунучтуу түштөр — илдеттин пайда болуп жатканын эрте кабарлай турган белгилердин бири", — деп жазылат маалыматта.
Уйку канбай жүрө бергендик олуттуу ооруга чалдыктырышы мүмкүн. Адис эскертти