Тентек баланы жоошутуш үчүн дары-дармек берүү туурабы? Психологдун жообу

Адистин пикиринде, учурда балага ашыкча активдүүлүктү басаңдатуучу дары-дармек берүү ата-энелер арасында модага айланып бара жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Тынчы жок, сабакка кунт коюп катыша албаган балага гиперактивдүүлүгүн басаңдатуучу препараттарды берүүдөн мурда башка жолдорун издеп көрүү керек. Бул тууралуу психолог Елена Науменко "Доктор Питер" сайтына берген маегинде айтты.
Адистин пикиринде, учурда балага анын ашыкча активдүүлүгүн басаңдатуучу дары-дармекти берүү ата-энелер арасында модага айланып бара жаткан сыяктуу.
"Бирок бул каражаттар убактылуу гана жардам берет. Анын үстүнө баланын ичиндеги энергиясы чыкпай топтоло берип, кийин ден соолугуна зыянын тийгизип коюшу мүмкүн. Андыктан тентек баланын күчүн кызыктуу оюн, спорттук ийрим сыяктуу башка жактарга бурууга аракет кылгыла", — дейт психолог.
Такыр болбосо, бул маселени класс жетекчи, мектептин психологу менен талкуулап, кеп-кеңештерди алууну сунуштайт.
Ошондой эле психолог балдар кенже класста окуп жүргөн кезде жоопкерчиликти түшүнө бербестигин, бул нерсе бара-бара калып калышы мүмкүн экенин кошумчалады.
Үйдө дайыма кайсы дары-дармек болушу керек? Дарыгердин тизмеси