"Санарип аймак" тутуму жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы иштерди автоматташтырууга жана элге сапаттуу кызмат көрсөтүүгө багытталган. Анда ошол аймакта жашагандар, үй чарбасы боюнча маалыматтар камтылган. Анын негизинде жашагандыгы тууралуу, үй-бүлө курамы жөнүндө жана башка маалым каттар автоматтык түрдө берилет. Мындан тышкары, маалым каттарды банктар менен алмашуу боюнча дагы иш жүргүзүлүүдө. Азырынча жети банк менен тийиштүү келишимдер түзүлүп, жарандар алардан насыя алууну кааласа айыл өкмөттөн маалым каттар талап кылынбайт. Себеби банкта автоматтык түрдө системадан маалымат алууга мүмкүндүк бар болот. Ошондой эле шарттар мектепке баланы киргизүүдө жана башка кызматтарды алууда колдонулат. Бирок бул мүмкүнчүлүккө жетүү үчүн жарандардын өзү жана үй-бүлөсү, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү боюнча маалыматтары аталган тутумга киргизилиши керек", — деди Садирова.