БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Кыргызстан үстүбүздөгү жылдын жети айында чет өлкөлөргө малдын 307,6 тонна ич этин сатты. Бул туурасында Улуттук статистика комитетинин маалыматында камтылган.
Мекеме "малдын ичеги-карыны" деп аталган товардык номенклатура боюнча маалымат берген. Анда экспорттолгон жалпы көлөмү 340 миң долларга бааланган.
Сатып алган өлкөлөр:
Гонконг (Кытайдын атайын административдик району) — 133 тонна;
Түркия — 129,4;
Египет — 45,2.
Өткөн жылдын дал ушул мезгилинде 629 тонна ич эт (589 миң тонна) экспорттолгон.
Белгилей кетсек, Вьетнамга экспорттоо токтотулган (өткөн жылдын январь-июлунда 67,2 тонна сатылган) жана Гонконгго 309 тоннага азайган (соңку айларда албай калышкан). Ал эми Египетке сатуу 4,5 тоннага кыскарды, ошол эле учурда Түркияга кеткен көлөм 0,8 тоннага көбөйгөн.