Эксперт: улутчулдук — Евразияга каршы багытталган технология

Эксперт Евразия элдери бири-бирин толуктап турарын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 27-сен.— Sputnik. Улутчулдук — Евразия мейкиндигине каршы багытталган технология. Бул тууралуу эксперт Сергей Пантелеев Евразия интеграциясы боюнча Бишкекте өтүп жаткан эл аралык форумда билдирди.
Анын айтымында, Евразиянын аймагындагы, анын ичинде СССРдеги мамлекеттик билим берүү Евразия өзгөчө жолдо экенин жана элдери бири-бирин толуктап турарын тастыктады.
"Чогуу болгондо экономикалык жактан да күчтүүбүз. Баса, улутчулдук — бул Евразия мамлекеттеринин эли өздөрүнүн жеке мейкиндигин түзүп албашына багытталган технология. Чыр-чатак чыгаруу менен алар кулачы жайылган Евразияны алсыздандырууну максат кылышууда", — деген эксперт.
Эксперт ЕАЭБдин миссиясы менен максатын түшүндүрдү