БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Бишкекте VIP-маршруткаларды каттатуу пландалууда, анын жол киреси 40-50 сом болот. Бул туурасында Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиев билдирди.
Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев кыймыл көп болгон учурда эл маршруткаларга батпай калып жатканын айтты.
"Маршруткага батуу өзүнчө машакат, ал эми аны күтүү өзүнчө маселе. Көйгөй чечилбей эле кайра курчуп жатат. Эл шаттл үчүн 30-40 сом төлөөгө даяр. Самокатка деле 100 сом төлөп жатат. Баары отуруп кете тургандай жакшы шарттарды түзүп, жогорку тариф менен маршруткаларды киргизсе болот да. Ыңгайлуулук үчүн төлөй турган адамдар бар", — деди депутат.
Буга жооп берген мэриянын өкүлү VIP-бустар боюнча долбоор даярдалып макулдашууда турганын жана жакында Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизилерин билдирди.