Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Баткенде Ак-Сай, Самаркандек айылдарынын эли митингге чыкты. Сүрөт

Чогулгандар чек ара посттору алынса кооптуу абал жарала турганын айтып, тажик тарап кайра кол салбайт деген кепилдик жок экенин белгилешкен.
Sputnik
БИШКЕК, 27-сен.— Sputnik. Бүгүн, 27-сентябрда, Баткен облустук администрациясынын имаратынын алдында Ак-Сай жана Самаркандек айылдарынын эли нааразычылык акциясына чыкты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактагы кабарчысы маалымдады.
1 / 2

Бүгүн, 27-сентябрда, Баткен облустук администрациясынын имаратынын алдында Ак-Сай жана Самаркандек айылдарынын эли нааразычылык акциясына чыкты

2 / 2

Анын айтымында, чогулгандар алгач УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин келүүсүн талап кылышты.

Анын айтымында, чогулгандар алгач УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин келүүсүн талап кылышты. Алардын алдына президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев чыгып, элдин талаптарын уккан. Ал Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев Баткенге бүгүн келип, жашоочулар менен жолугуша турганын билдирди.
Митингге чогулгандар бийликтен төрт чек ара постун кайрадан иштетүүнү талап кылышууда. Алар чек ара посттору алынса кооптуу абал жарала турганын айтып, тажик тарап кайра кол салбайт деген кепилдик жок экенин белгилешкен. Мындан сырткары, Ворухка тажик тарап ээн-эркин кирбеши, мурдагыдай көзөмөл болушу керектигин айтышкан.
Эскерте кетсек, 25-сентябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткендеги "Кызыл-Бел" бекетинде Тажикстандын УКМК жетекчиси Саймумин Ятимов менен жолугуп, жаңжалды токтотуу, анын кесепеттерин жоюу жана чы-чатакка мындан ары жол бербөө максатында протоколго кол койгон. Анда эки тараптан үчтөн пост, бирден заставаны алып салуу келишилген.
Кыргыз-тажик чек арасынан алынчу застава менен посттор. Карта