БИШКЕК, 27-сен.— Sputnik. Кыргыз-түрк "Акун" компаниялар тобу Подмосковьеге макарон чыгарган завод курмакчы. Бул тууралуу РИА Новости Айыл чарба жана тамак-аш министрлигинин маалыматына таянып билдирди.
Ага ылайык, долбоорду ишке ашыруу үчүн 20 миң чарчы метр аянтындагы жер сатып алынган. Заводду 2023-жылдын аягында эксплуатацияга берүү пландалууда. Ал иштеп калса 80 адам жумуш менен камсыз болот.
"Ун, макарон, кесме өндүргөн кыргыз-түрк "Акун" компаниялар тобу Подмосковьенин Электрогорск аймагына жаңы завод менен катар сактоо кампаларын да салууну көздөп жатат. Долбоорго беш миллион доллардан кем эмес инвестиция салынып, 80 жумушчу оруну түзүлөт", — деген Подмосковье өкмөт башчысынын орун басары Георгий Филимонов.
"Акун" компаниялар тобунун курамында ун, суу, шире, анын ичинде "Буратино" лимонадын чыгарган жети ишкана бар. Алардын продукциясы Россия жана жакынкы мамлекеттердин 500дөй дүкөндөрүнө жеткирилет.