Жапаров Өзбекстандын премьери Ариповду кабыл алды. Чек ара маселеси талкууланууда

Жакында Кыргызстанга коңшу өлкөнүн башчысы Шавкат Мирзиёевдин келери айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповду кабыл алды. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Ал бүгүн кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча өкмөттүк делегациялардын биргелешкен жыйынына катышуу үчүн Бишкекке келген.
Мамлекет башчысы бул жыйын эки өлкө элинин кызыкчылыгы үчүн тез арада тактоо иштерин бүтүрүүгө көмөк көрсөтөрүнө ишенимин билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана эки тарапты кызыктырган башка тармактарда кызматташууну мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча пикир алмашуу болду.
Ошондой эле тараптар Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарын талкуулап, визит алкагында белгиленген биргелешкен пландарды жана долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту.
Өзбекстандын премьер-министри Бишкекке келди. Себеби