Өзбекстандын премьер-министри Бишкекке келди. Себеби

Өзбекстандын өкмөт башчысынын президент Садыр Жапаров менен да жолуга тургандыгы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга иш сапар менен келди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга иш сапар менен келди

2 / 3

Аны министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алган

3 / 3

Маалыматта Өзбекстандын премьер-министринин президент Садыр Жапаров менен жолуга тургандыгы айтылды

Аны министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алган.
"Жумушчу сапарынын алкагында Арипов менен Жапаров өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча биргелешкен жыйынына катышат", — деп кабарлады өкмөттөн.
Маалыматта Өзбекстандын премьер-министринин президент Садыр Жапаров менен жолуга тургандыгы айтылды.
Жапаров менен Мирзиёев жолукту. Өлкө башчылары эмнелерди талкуулады