Украинанын абадагы ракеталарын жок кылган "Тор-М2". РФ министрлигинин видеосу

Роликтен согуштук позициядагы комплекстин мээлеген бутасын кантип жок кылгандыгын көрүүгө болот.
Sputnik
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Россиянын Коргоо министрлиги "Тор-М2" комплексинин өтө алыс эмес аралыкта украиналык ракеталарды абадан жок кылган видеосун РИА Новостинин Telegram каналы таратты.
Роликтен согуштук позициядагы комплекстин мээлеген бутасын кантип жок кылгандыгын көрүүгө болот.
РИА Новостинин маалыматында операторлор 9,9 чакырым аралыктагы украин ракеталарын аныктап, бутага алганы айтылат. Адистер ракеталык сокку болору туурасында маалымат алган.
"Эки ракетаны аныктап, ок чыгардым. Алар жок кылынган соң чачырандылары талаадан табылды", — деди "Тор-М2" комплексинин жетекчиси Тимур.
Анын айтымында, эгерде ракеталар мелжеген жерине жетип жарылса, жай жарандардын арасында өлүм көп болмок.
"Тор-М2" комплекси канаттуу ракеталардын, пилотсуз учуучу техникалардын, пландалган авиабомбалардын, учактардын, тик учактардын кол салуусунан коргоого шартталган. Автоматтык жана кол менен башкарылган тартипте иштеп, бир нече аба бутасын бир мезгилде коштой алат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Болотту да эриткен "Солнцепёк" куралынын видеосу