БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда курман болгон Чек ара кызматынын танк экипажынын мүчөлөрү Шерали Анаркулов, Санжарбек Анаркулов жана Тилек Жаңыбай уулунун сөөктөрү "Ата-Бейит" улуттук-тарыхый мемориалдык комплексине коюлду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, алар тажик тараптын аткылоосунун натыйжасында танктын ичинде тирүүлөй күйүп кетишкен. Сөөктөрдү аныктоо үчүн тийиштүү экспертизалар жасалган.
Мемориалдык комплексте Баткен облусунда өлкө чек арасын коргоодо курман болгон аскер кызматкерлери үчүн митинг-реквием өтүп, ага мамлекет башчы Садыр Жапаров да катышкан. Президент курман болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.
"Урматтуу баатыр уулдардын ата-энелери, жубайлары, ага-туугандары, силердин арка-бел туткан тооңор көчкөн жок. Чырак туткан ак шамыңар өчкөн жок. Уулдарыңар мекен үчүн шейит болушту. Жараткан шейит даражасын баарына эле буюра бербейт. Бул баатырлардын артында калдайган калың кыргыз эли, аскасы бийик кыргыз жери турат. Баатырларынын эрдигин даңктап, атын өчүрбөй турган эгемен мамлекети турат. Айкөл кыргыз эли, эгемен кыргыз мамлекети силерге арка-бел, шам-чырак болуп берет. Кайратыңыздардан жанбаңыздар", — деген Жапаров.
Мамлекет башчы "Ата-Бейитке" Баткен чегин коргоп жатып курман болгон баатырларга арналып эстелик тургузуларын айтып, ага жоокерлердин бардыгынын ысымдары киргизилерин кошумчалаган.