Бишкек жана Кыргызстан боюнча бензин менен дизель майы арзандады

Монополияга каршы кызматтан бул жаатта аткарган иштеринин майнабы болгондугун айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Монополияны жөнгө салуу кызматынан Бишкек шаары жана Кыргызстанда күйүүчү жана майлоочу майлардын баасы төмөндөгөндүгүн билдиришти.
Борбор калаада жана облустарда бензин жана майдын башка түрлөрүнүн бааларынын негизсиз өсүп кетпеши үчүн жума сайын мониторинг жүргүзүлүп турары белгиленген. Ведомстводон нефтетрейдерлер менен алдын ала жүргүзүлгөн иш-чаралардан соң баанын төмөндөшү байкалганын айтышкан.
3-августтан бери күйүүчү майлардын баасы литрине 1 сомго чейин ылдыйлаган.
Бишкекте АИ-92 май куюучу бекеттерде ал кыл деңгээлде 1,4 – 2 сомдун тегерегинде түшкөн.
АИ-95 — 10 тыйындан 1,3 сомго чейин ылдыйлаган.
Дизель майы 20 тыйындан 1,3 сомго чейин арзандаган.
Газ 2,7 – 3 сомго түшкөн.
Радио
Эшатов: РФ менен келишим бар үчүн күйүүчү майдын баасы коңшулардан арзан