Бишкекте кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча протоколго кол коюлду

Арипов чек ара боюнча келишимдин долбоорун макулдашууга чечкиндүүлүгүн ырастады.
Sputnik
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Бишкекте кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелери жөнүндө жаңы келишимдин долбоорун макулдашуу процедурасын баштоого мүмкүндүк берген протоколго кол коюлду. Бул туурасында министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
1 / 2

Бишкекте кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелери жөнүндө жаңы келишимдин долбоорун макулдашуу процедурасын баштоого мүмкүндүк берген протоколго кол коюлду

2 / 2

Кыргыз тараптан документке УКМК төрагасы, өкмөт башчынын орун басары Камчыбек Ташиев жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов кол койгон.

Кыргыз тараптан документке УКМК төрагасы, өкмөт башчынын орун басары Камчыбек Ташиев жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов кол койгон.
Ташиев аларга кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин жыйынтыктоо боюнча тарыхый миссия туш келгенин айтып, бул бир чети сыймык болсо, бир чети чоң жоопкерчилик экенин белгилеген.
"Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Өзбекстан жакын коңшулар, чыныгы достор жана стратегиялык өнөктөштөр. Кыргызстан саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук, аймактар аралык жана маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары да кеңейтүүгө толук даяр", — деди Ташиев.
Өз кезегинде Арипов өзбек тараптын чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча келишимдин долбоорун макулдашууга чечкиндүүлүгүн ырастады.
"Эки республиканын өкмөттүк делегациялары кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган тилкелерин макулдашуу боюнча тыкыр иш алып барышты. Делимитациялоо процессинин аякташы биздин түбөлүк достугубуздун жана чыныгы бир туугандык мамилелерибиздин бузулбастыгын дагы бир жолу тастыктайт деп ишенем", — деди Арипов.
Ошондой эле Ташиев калган тилкелер боюнча келишимдин долбоору эки өлкөнүн президенттеринин кол коюусуна даярдала турганын айткан.
Жапаров Өзбекстандын премьери Ариповду кабыл алды. Чек ара маселеси талкууланууда