Бишкек шаарында окуу мезгили башталгандан тартып мектептердин ар бирине кайгуул кызматы милициянын офицердик курамынан экиден кызматкерин бекитет. Себеби борбордо дал ушул мектептердин айланасында кырсыктар көп катталат. Аларды азайтуу максатында унаа кыймылы көп болгон шаардын көчөлөрүндө жаңы белгини (шумовая разметка) колдонуп жатабыз. Бул тууралуу Айбек Жумагулов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кайгуул кызматы жана "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы шаардын жашоочуларынын кайрылуусу менен өтмөктөрдө ылдамдыкты азайттыруу үчүн "жасалма тегиз эмес жол" коюп беришүүдө.
"Бишкекте катталган жол кырсыгынын себептери айдоочулардын маданияты жана билиминин төмөндүгүнөн болуп жатат. Күбөлүктү алып жаткан айдоочу жол кыймылынын эрежелерин жакшы окуган эмес. Мисалы, жол кырсыгы катталганда ошол жерден эле ал учурду каттап, материалды эксперттик кароого жөнөтөбүз. Көпчүлүк учурда айдоочулар кырсыкка ким күнөөлүү экенин билбей, жадагалса бирин-бири да күнөөлөй албай калышат. Алардан сурай келсек, басымдуулугу жол белгилерин билбейт. Кимиси башкы жолдо, кимиси экинчи жолдо бара жатканын түшүнбөйт. Бирок автомектептерге талаптар күчөтүлгөндөн кийин азыркы курсанттар өз күчү менен окуп, айдоочулук күбөлүк алып чыгууда. Бул жаатта ар кандай аталыштагы рейддерди өткөрүп жатабыз. Алсак, тыгындарды азайтуу менен андагы кырсыктарды болтурбоо боюнча өздүк курам иштеп жатат", — деди Жумагулов.
Ал учурда шаар ичиндеги коомдук маршруттук унаалардын иши да көзөмөлгө алынганын кошумчалады.