БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Жалал-Абад облусунда келе жаткан аптада күн салкындайт. Бул туурасында Кыргызгидромет агенттиги маалымдады.
Алсак, дүйшөмбүдө күн 32 градуска чейин ысыса, апта аягында 24 градуска чейин төмөндөйт. Бирок жаан көп жаабайт.
26-30-сентябрда жана 1-октябрда күн ачык болот. Ал эми 2-октябрда айрым жерлерде жамгыр жаап, бийик тоолорго кар жаашы күтүлөт.