Кыргызстан үчүн чыккан Сардана Трофимова Алматыдагы жарым марафондо алтын алды

Трофимова марафондо Россиянын беш жолку чемпиону болгон. 2022-жылдын август айында ал расмий түрдө Кыргызстандын курама командасына өткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Жөө күлүк Сардана Трофимова "Алматы марафону - 2022" аттуу жарым марафондо жеңишке жетти. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчаларында билдирди.
Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөсү 21,1 чакырым аралыкты 1 саат 12 мүнөт 50 секундада басып өтүп, биринчи орунду ээледи. Ал негизги атаандашын 17 секундага артта калтырды.
Бул — Сардана Трофимованын Кыргызстандын командасы үчүн биринчи жарышы. Эске салсак, Россиянын беш жолку марафон чемпиону расмий түрдө кыргыз курама командасына 2022-жылдын август айында кошулган.
Айыгышкан кармаш. Кыргызстан менен Россиянын футбол беттешинен 12 сүрөт