Путин студенттерди аскерге чакыруу мөөнөтүн узарткан жарлыкка кол койду

21-сентябрь күнү жарым-жартылай мобилизация башталып, 300 миң адам чакырылган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизациянын алкагында студенттерди аскерге чакыруу мөөнөтүн узартуу боюнча жарлыкка кол койду. Документ Кремлдин сайтына жарыяланды.
"Мобилизация боюнча аскердик кызматка чакыруу мөөнөтүн узартуу орто жана жогорку окуу жайларда салттуу окуудан сырткаркы формада билим алып жаткан студенттерге да тиешелүү", — деп жазылган жарлыкта.
Владимир Путин 21-сентябрь күнү жарым-жартылай мобилизация тууралуу жарлык чыгарган. Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу бул чек ара линияларынын кол тийбестигин көзөмөлдөө жана Украинадагы бошотулган аймактарды коргоо үчүн керектигин айткан.
Кийинчерээк Башкы штаб мобилизацияга кимдер тартылары тууралуу маалымат берген.
Жалпы жонунан резервдеги 300 миң жаран чакырылат, бул Россиянын мобилизациялык ресурсунун бир пайызын түзөт.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Мамдумага мобилизациялангандар үчүн эмгек кепилдиги боюнча долбоор киргизилет