БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. 25-сентябрга караган түн кыргыз-тажик чек арасында тынч өттү, ушул тапта кырдаал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлады.
Атайын кызмат чек арага жакын аймактарда жарылбай калган ок-дары, мина, снаряд жана башка жардыргыч заттарды аныктоо, табуу жана зыянсыздандыруу иштери уланып жатканын эске салды.