Ошко суук түшөбү? Бир жумага карата аба ырайы

Алдыдагы аптада абанын температурасы түштүк региондо 24 градуска чейин төмөндөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Келе жаткан аптада Ош облусунда күн салкындайт. Бул туурасында Кыргызгидромет агенттиги билдирди.
Маалыматка караганда, абанын температурасы 24 градуска чейин төмөндөйт.
26-29-сентябрда жаан жаабайт.
30-сентябрда күндүз тоолуу райондордо жамгыр, бийик тоолорго кар жаайт, бирок дыйканчылык аймактарда күн ачык турат.
1-2-октябрда тоолуу райондордо мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолорго кар түшөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт.
Ысыктын илеби кайтабы? Кыргызстандагы бир жуманын аба ырайы