Кийинки жумада Ысык-Көлдө аба ырайы кандай болору айтылды

1-октябрда күндүз чыгыш тарабында жамгыр жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Келерки апта ичи Ысык-Көл облусунун айрым жерлерине жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги кабарлады.
Синоптиктер 25-27-сентябрда күндүз аймактын айрым жерлеринде жамгыр жаашы ыктымалдыгын айтышты. 26-28-сентябрда күн ачык болору божомолдонду. Бирок 29-сентябрдан тарта күндүн көзү кайра бузулуп, айрым жерлерде жамгыр жаап, бийик тоолуу райондордо кар түшүшү ыктымал. 30-сентябрда да өткүн өтөрү айтылды. 1-октябрда күндүз чыгыш тарабында жамгыр, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бирок абанын температурасы 15...20 градустун тегерегинде кармалат. Апта башында 22 градуска чейин жылуу болот.
Суук эрте түшөбү? Октябрь айына карата Кыргызстандагы аба ырайы