Кыргызстан — Россиянын жолдоштук беттешүүсү учурунда Бишкектин көчөлөрү жабылбайт

Бүгүн кечинде Бишкектин борбордук стадионунда Кыргызстан менен Россиянын курама командаларынын ортосунда биринчи жолу футболдук оюн өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын футбол боюнча жолдоштук беттешине байланыштуу Бишкектин борбордук көчөлөрү жабылбайт. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысына Милициянын кайгуул кызматы кабарлады.
"Мурдагыдай расмий түрдө көчөлөр жабылбайт. Бирок кырдаалга жараша күйөрмандар стадионго кирип баратканда жана чыгып жатканда Тоголок Молдо жана Фрунзе көчөлөрүнөн өтүүгө убактылуу чектөө киргизилиши мүмкүн", — деди маалымат катчы Байказы Айтикул уулу.
Оюн бүгүн саат 20:00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо башталат. Бүгүнкү беттеште Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы кызыл түстөгү формада, россиялык спортчулар ак түстөгү кийим менен ойнойт.
Кыргыз футбол союзу Кыргызстан — Россия беттешинин күйөрмандарына кайрылды