Гинеколог балалуу болууну самагандарга керектүү витаминди сунуштады

Дарыгер болочок эне аталган витаминдин жетишсиздигин алдын ала толукташы керектигин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. B9 витамини же фолий кычкылы бойго бүтүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатып, түйүлдүктүн өнүгүү патологиясын алдын алат. Бул тууралуу акушер-гинеколог Екатерина Федорованын айтымына таянып "Известия" басылмасы жазды.
"Эгер аялдын организминде фолий кычкылы өтө аз болсо бойго бүтүү мүмкүнчүлүгү аз. Ошондой эле кош бойлуулуктун биринчи айларында бойдон түшүп калуу коркунучу жогору болот. Мындан тышкары, эмизүү учурунда көйгөй жаратышы мүмкүн", — деген дарыгер.
Гинеколог болочок эне аталган витаминдин жетишсиздигин алдын ала толукташы керектигин белгилеген. Анын айтымында, фолий кычкылы кызылча, жер жаңгак, фундук, спаржа, боор, сояда көп болот.
Фолий кычкылы эркектерге да абдан керектүү витамин. Эгер ал жетишсиз болсо, репродукциялык функциясы бузулуп, баласы оорукчан төрөлүшү мүмкүн.
Ата-эненин мерездиги баланы аракечтикке жеткирет. Иликтөө