Баткенде жаан-чачын күтүлбөйт. Бир жумага карата аба ырайы

Абанын температурасы 22...25 градус жылуу болору айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келерки жумада Баткен облусунда аба ырайы кандай болору тууралуу маалымат берди.
25-сентябрда күндүз облустун айрым жерлеринде өткүн өтүшү мүмкүн. Башка күндөрү 1-октябрга чейин жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 22...25 градус жылуу болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, 27-сентябрда күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши ыктымал.
Суук эрте түшөбү? Октябрь айына карата Кыргызстандагы аба ырайы