БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Бишкекте өткөн Кыргызстан — Россиянын футбол боюнча курама командаларынын жолдоштук беттеши россиялык спортчулардын пайдасына 1:2 эсеби менен аяктады.
Беттештин биринчи таймында, 24-мүнөттө эсепти Алимардон Шүкүров ачты. Арадан 10 мүнөт өтпөй россиялык Александр Соболев пенальти менен эсепти теңдеди. Анткен менен биринчи таймда "ак шумкарлар" артыкчылык кылып жатты.
Экинчи тайм бир топ жандуу өттү. Россиянын машыктыруучусу спортчулардын курамын дээрлик жаңылап, беттеш чабуул коюу менен башталды. Ал арада эки команданын тең дарбазаларына топ кирип кетүү кооптуулуктары жаралды. Таймаштын 89-мүнөтүндө Даниил Уткин россиялык команданы жеңиш менен камсыздап, эсепти 1:2 кылып өзгөрттү.
Анткен менен Кыргызстандын "ак шумкарлары" татыктуу оюн көрсөттү. Бул талаа ээси үчүн жакшы тажрыйбалардын бири болуп калды.