Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Садыр Жапаров чек арада талкаланган үйлөрдү 2-3 айда бүтүрүүнү тапшырды

Баткенде Тажикстандын кол салуусунан талкаланган үйлөрдүн ордуна жаңы салына турчулары болжол менен 100 чарчы метр болору айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусунан улам Баткен облусунда керектен чыккан үйлөрдү 2-3 айда бүтүрүүнү тапшырды. Бул тууралуу президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын башчысы Айбек Жунушалиев билдирди.
"Ведомство аралык жумушчу топ дагы 19-сентябрь күнү эле бекитилип, ошол күнү жумушун баштаган. Биз ар бир жабыркаган айылдарды кыдырып, изилдеп чыктык. Үйлөр боюнча алдын ала айта кетсем, 100 чарчыдан болот. Айылда чоң үй болуш керек. Биз сөзсүз түрдө азыркы элдин талаптарын эске алабыз. Тамдарды 2-3 айда бүтүрүш керек деген президенттин да талабы бар. Эртең суук түшөт. Иштерди эртелетебиз", — деди Айбек Жунушалиев.
Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусунан улам 1 158 объект, анын ичинен 613 үй талкаланган.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
УКМК: "Тамдык" кыргыз тараптын көзөмөлүндө, тажик жарандары заставадан чыгарылды