Россиянын курамына кошулуу үчүн референдумга келгендер. Видео

Жалпы элдик добуш берүүгө келгендер тынчтык орногон бейпил жашоодон үмүт кылып тургандыктарын айтып беришти.
Sputnik
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Донбасстын, Херсон, Запорожье облусунун Россияга кошулушу үчүн референдумда добуш берген эли эми жашоонун жаңы этабы, тынч жашоонун башталышына үмүт артып турганын айтып берди.
Sputnik Ближнее зарубежье Telegram-каналы жалпы элдик добуш берүүнү чагылдырган видеолорду жарыялады.
“Референдумдан кийин Донецкиде жашоо тынч болуп, балдар көчөдө атылган октон коркпой ойноп калышарына ишенип турабыз”, — деген ДЭРдин жашоочусу.
Ал эми Волноваханын тургуну Александр Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн артиллериялык аткылоосунун айынан энесин жоготконун айтып берди. Ал ДЭРдин РФтин курамына кириши үчүн добуш бергени келгенин билдирди.
Аталган канал Херсон облусунда да референдумга келгендердин видеосун таратты. Андан аймактын, өздөрүнүн тагдырын Россияга тапшыруу үчүн добуш берүү үчүн кезекте турган калкты көрүүгө болот.
Эске салсак, Донецк, Луганск элдик республикаларында жана Херсон, Запорожье облустарында Россиянын курамына кирүү боюнча бүгүн референдумдар башталган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Биз 8,5 жыл күткөнбүз". Донбасс тургундары референдум тууралуу. Видео