БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. ӨКМ автоунаа тетиктерин саткан "Кудайберген" базарындагы өрттүн кесепети кандай болгонун айтып берди.
Такталган маалымат боюнча 500 чарчы метр жер күйгөн. Автоунаа тетиктери жана башка товар сакталган 40 контейнер өрттөнүп кетти.
Өрттүн себеби азырынча тактала элек, бирок ӨКМ электр жабдууларын этият колдонууга чакырды.
Кечээ түштөн кийин башталган өрт саат 17.45те чектөөгө алынып, түнгө жакын биротоло өчүрүлгөн.