Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Бүгүн Донбасста Россияга кошулуу үчүн референдумдар башталат

Бийлик добуш берүүдө коопсуздукту камсыз кылуу үчүн бардык шарттарды түзгөнгө аракет кылган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Донецк, Луганск эл республикаларында жана Херсон, Запорожье облустарында бүгүн Россиянын курамына кирүү боюнча референдумдар башталмакчы. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматка караганда, аскердик атайын операциянын шартында ал жактарда кырдаал жакшы эмес, бирок бийлик добуш берүүдө коопсуздукту камсыз кылуу үчүн бардык шарттарды түзгөнгө аракет кылган.
Россияга кошулуу каалоосун биринчилерден болуп ЛЭР билдирген. Союздук аскерлер ЛЭРди толугу менен Украинанын куралдуу күчтөрүнөн бошотушкан. Ошол себептен референдум аталган аймактын бардык калктуу конуштарында өтөт деп күтүлүүдө. ЛЭР менен катар эле РФке кошулуу ниетин ДЭРдин Коомдук палатасы билдирген. Аталган республиканын бир бөлүгү, анын ичинде Славянск, Краматорск шаарлары азырынча Киевдин көзөмөлүндө. Буга чейин Россиянын президенти Владимир Путин ДЭРди толугу менен бошотуу атайын операциянын негизги максаттарынын бири экенин белгилеген.
Херсон, Запорожье облустары да референдум өткөрө турган болушту. Бирок Запорожье дагы Киевдин көзөмөлүндө. Ага карабай бийлик добуш берүүнү уюштуруп жатат. Облустук шайлоо комиссиясынын төрайымы Галина Катющенко аймактын тургундары паспортун көрсөтүп эле референдумга катыша берсе болорун белгилеген.
ДЭР менен ЛЭР Россияга кошулуу менен аталышын жана желектерин сактап калышат. Андан кийин жергиликтүү мыйзамдарын Россияныкына ылайыкташтырат. Ал арада Киев референдумду үзгүлтүккө учурата турганын жашырган жок. Бул үчүн алар артиллериялык соккуларды жасай турганын маалымдашкан. Мындай кооптуулуктан улам добуш берүү бир нече күнгө созулуп, эл кезекке турбайт.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Оккупант болуп каласыңар. Запорожьедегилер Украинага эскертүү кылды