Жаан жаайбы? Дем алышка карата аба ырайы

Айрым аймактарда күн катуу ысып, абанын температурасы 32 градуска чейин жогорулай турганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Кыргызгидромет дем алыш күндөрү аба ырайы кандай болорун алдын ала маалыматтарга таянып кабарлады.
Билдирмеге караганда, апта аягында өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бишкек шаарында күн ысык болуп, абанын температурасы 29...31 градус жогору болору айтылды.

Чүй, Талас облустары

Дем алыш күндөрү Чүй менен Таласта жамгыр жаабайт. Чүйдө күндүн табы 25...30 градуска жетсе, Таласта 28 градуска чейин ысый турганы божомолдонду. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал.

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустары

Өлкөнүн түштүк аймактарында да апта этегинде жаан-чачын күтүлбөйт. Күн жылуу болору божомолдонду. Абанын температурасы Ош облусунда күндүз 29…31 градусту көрсөтсө, Жалал-Абад менен Баткен облустарында 27…32 градуска чейин ысыйт.

Нарын, Ысык-Көл облустары

Ысык-Көл облусунда 24-сентябрда түнкүсүн Чолпон-Ата шаарында жамгыр жаашы мүмкүн, башка аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 21…26 градус жылуу болору айтылды. Дем алышта Нарында күн ачык болуп, абанын температурасы 24…26 градусту көрсөтөт.
Суук эрте түшөбү? Октябрь айына карата Кыргызстандагы аба ырайы