Дарыгер отуруп иштеген адамдар ден соолугун кантип сактап калса болорун айтты

Адис бир же 1,5 саат сайын машыгууга 5-10 мүнөттөн бөлүүнү сунуштайт.
Sputnik
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Отуруп иштеген кишилер ден соолугун сактап калуу үчүн маал-маалы менен көнүгүү жасап турушу керек. Бул тууралуу "Газета.Ru" порталына берген маегинде травматолог Алишер Захиров айтты.
Адис бир же 1,5 саат сайын машыгууга 5-10 мүнөттөн бөлүүнү сунуштайт. Анын пикиринде, кыймылсыз жашоонун кесепеттери биз ойлогондон дагы кыйла олуттуу болушу мүмкүн.
"Мисалы, остеохондроз, жүрөк оорулары, нерв системасынын бузулушу. Аларды болтурбаш үчүн моюн, бел жана ийинге көнүгүү жасап туруу керек. Ошондой эле иш күнү аяктаганда колду, манжаларды, бутту көп кыймылдатканга аракет кылгыла. Мындай учурда булчуңдар жыйрылып, ден соолукка оң таасирин тийгизет", — деди дарыгер.
Мындан тышкары, адис көп отурган кишилердин уйкусу 7-9 сааттан кем болбошу керектигин эскертет. Колдон келишинче бир убакта жатып, бир убакта турган жакшы.
Жол кырсыгына кептейт. Невролог энергетикалык суусундуктун зыянын айтты