Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Тажикстандын кол салуусунан Баткенде 1 158 объект талкаланган, анын 613ү турак үй

Ошондой эле аймакта 15 социалдык объект жараксыз болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Тажикстандын кол салуусунан Баткенде 1 158 объект талкаланган, анын 613ү турак үйлөр. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, чек арадагы жаңжалда келтирилген материалдык чыгымды жергиликтүү жарандык коргонуу комиссиялары тактап жатат.
"Ага ылайык, 613 турак үй, тогуз административдик, стратегиялык объект, 15 социалдык объект, 323 сарай, 171 жашоо тиричилик камсыздоочу объектилер, автоунаа өткөн бир көпүрө, 26 машина жабыркаганы белгилүү болду", — деп жазылат маалыматта.
Ал эми чыр чыккан аймактан жалпысынан 136 770 адам эвакуацияланганы кошумчаланды.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Жарандарыңарга жек көрүүнү сиңирбегиле. ТИМ тажик тарапка жооп кайтарды