Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Камчыбек Ташиев баштаган өкмөт мүчөлөрү ЖКга келди. Жыйын жабык өтүүдө

Эл өкүлдөрү чек арадагы кырдаал тууралуу маалымат алууда.
Sputnik
БИШКЕК, 22-сен.— Sputnik. Жогорку Кеңешке Камчыбек Ташиев баштаган өкмөт мүчөлөрү келди.
Алар эл өкүлдөрүнө чек арадагы кырдаал тууралуу маалымат берип жатат. Жыйын жабык эшик артында өтүүдө.
Тажикстандын Кыргызстанга баскынчылыгы
Тажик тараптын кол салуусунан 59 кыргызстандык набыт болду, арасында жай тургундар, жаш балдар бар. 169 киши ар кандай жаракат алган, оор абалдагылар Ош жана Бишкектеги ооруканаларга жеткирилип жатат.
14-сентябрь күнү тажик аскерлери Баткенде чек арага жакын аймактарга ок чыгарып, сүйлөшүүдөн кийин токтогон болчу. Бирок 16-сентябрдын таңында Баткен облусунун бардык чек ара тилкесин аткылап кирген. Кагылышууга тажик аскерлери эле эмес, жалданма топтор дагы аралашкан.
Кыргызстандын Чек ара кызматы күч түзүмдөрү тажик тарап КР аймагын басып алуу максатында оор техникаларды, авиация, "Град" ракеталык системасын колдонуп жатканын кабарлады.
Эки өлкөнүн УКМК төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов атышууну токтотууга макулдашкан. Бирок ага карабай тажик тарап кайра ок чыгарган. Миномёттун снаряддары Баткен шаарынын чок ортосуна дагы түшүп жатты.
17-сентябрда Оштун Чоң-Алай районундагы заставаларды аткылай баштаган.
Тажикстандын аскерлери, жөнөкөй жарандары жана белгисиз топтор Баткен менен Лейлек райондорундагы ондогон үйлөрдү, социалдык объектилерди, дүкөндөрдү талап-тоноп, өрттөп кетишкен.
18-сентябрда атышуу токтоду, бирок абал толук турукташа элек.
Кыргызстан расмий түрдө окуяны "Тажикстандын алдын ала даярдалган агрессиялык куралдуу кол салуусу" деп атады. Садыр Жапаров дагы БУУнун сессиясында бүт дүйнөгө тажик тарап Кыргызстанга чыккынчылык менен кол салганын белгиледи.
Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкуловдун берген маалыматы боюнча, Тажикстан Куралдуу күчтөрү 200дөй жоокеринен айрылган, дагы 400дөйү жарадар болду.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Баары күлгө айланган. Тажик аскерлери өрттөгөн Интернационалдагы базардын видеосу