Москва — Бишкек каттамындагы учакта бомба бар деген маалымат жалган болуп чыкты

Жерине ӨКМдин беш куткаруучусу, УКМКнын кызматкерлери барган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Москва — Бишкек каттамы боюнча жүргөн учакта бомба бар деген маалымат жалган болуп чыкты. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Окуя кечээ күндүз болгон. Анда "Манас" аэропортунун диспетчерине бомба тууралуу маалымат түшкөн. Жерине ӨКМдин беш куткаруучусу, УКМКнын кызматкерлери тартылып, тиешелүү иш-чараларды жүргүзүшкөн. Кабар тастыкталган эмес.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
40 мүнөт мурун чыгып кеттик эле... Баткен шаарындагы үйүнө снаряд түшкөн Адылбеков