Өлкө эгемендүүлүктү алган жылдары кыргыз шахматын сактап калгандардын бири Акылбек Муратбеков болгон. Бул тууралуу Чолпонбек Тиленбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кыргыз шахматчыларынын дүйнөлүк мелдештерде атаандаштык жарата турчу убагы келди.
"Советтик шахмат мектеби дүйнөдө эң алдыда туруп, идеологиялык деңгээлде атаандаштык жүрүп келген. Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан кийин спортто кыйынчылыктар болуп, көп адистер башка тармактарга ооп кетти. Ага чейин шахмат ойноп, мелдештерге катышып жүргөн адамдар өзүнчө федерация түзүү аракеттерин да көрүшкөн. Совет учурунан тарта Акылбек Муратбеков өлкөдө шахмат кыймылын сактап, бутуна тургузуу аракетин көрүп кетти. Ал учурда Фрунзеде бүткүл союздук мелдештер өтүп, Михаил Таль, Михаил Ботвинник, Майя Чибурданидзе, Нона Гаприндашвили, Анатолий Карпов сыяктуу шахмат жылдыздары Кыргызстанга келип кетишкен. Тилекке каршы, рыноктук шартка байланыштуу кийин шахмат каралбай калды. Учурда экинчи дем менен жаш муун арасынан мыктылар чыгып, эл аралык мелдештерге катыша баштады. Ата-энелер шахматтын пайдалуулугун түшүнүп, балдарын акыл оюнун өздөштүрүүгө үндөй башташты. Акыркы мезгилде кыздар арасында да атаандаштык байкалып, курама команда күчтүү атаандаштык жарата турчулардын катарына кошулду", — деди Тиленбаев.
Ошондой эле адис кандай гана аракеттер болбосун шахматтын тездик менен өнүгүшү үчүн мамлекеттин колдоосу керектигин кошумчалады.