Футбол калысы болгуң келеби? Акысыз окуу курсу башталды

Мектепти бүтүргөндөрдө улуттук категориядагы калыс болууга мүмкүнчүлүк бар. Эң ийгиликтүүлөр ФИФА калысы боло алат.
Sputnik
БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. "Футбол калыстар мектебине" 2022-2023-окуу жылына карата кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан (КФС) кабарлашты.
"Мектепти бүтүргөндөр КФС алдындагы мелдештерге калыстык кылышат. Андыктан улуттук категориядагы калыс болууга мүмкүнчүлүк бар. Эң ийгиликтүүлөр ФИФА калысы боло алат", — деп айтылат билдирүүдө.
Мектепке тапшыруу үчүн талаптар:
18 жаштан 30 жашка чейинкилер;
мыкты спорттук формада болуу;
футболдун базалык эрежелерин билүү;
калыстык жана профессионалдык жактан өсүү үчүн жеке сапаттар;
англис тилин билгендерге артыкчылык берилет.
Окуу акысыз. Документтерди Кыргыз футболдук союзунун кеңсесине (Медеров көчөсү, 1Б, 7-Апрель көчөсү менен кесилишет) алып барса же referees@kfu.kg дарегине 15-октябрга чейин жөнөтсө болот.
Кыргызстандык жаш футболчулар Азия кубогуна жолдомо алып, жеңишин Баткенге арнады